• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент эл алдында отчет берди. Жарандарды опузалаган милиционерлер кармалды

15 Бештин айы 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ЭКИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай башталды. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700дөй делегат катышууда. Мамлекет башчысы чогулган делегаттардын астында сүйлөп, биринчи Элдик курултайда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча маалымат берди.

Саясат талдоочу Табылды Акеров Курултай бийликти көзөмөлдөгөн орган болуш керектигин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

Белгилей кетсек, Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

ЭКИ МЕЧИТ ЖАБЫЛДЫ

Бишкектин Биринчи Май районундагы диний мекемелерди рейддик текшерүүдөн кийин эки мечит жана бир чиркөө жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы 15-декабрда билдирди.

Текшерүүнү шаардык ички иштер башкармалыгы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы жана бир катар мамлекеттик мекемелер, казыяттын өкүлдөрү жүргүзгөн.

Мындай рейддерде диний мекемелердин документтери жана жалпы санитардык абал текшерилет.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгы сегиз көрсөтмө жана жети протокол түзгөн. Ал эми райондук милиция төрт обьектиге айып салган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, Ош шаарында ондогон мечит-медресенин ишмердигинде кемчиликтер аныкталып, убактылуу жабылганын кабарлаган. Айрымдарында өрт өчүрүү жабдуулары жок экени, коопсуздук эрежелери сакталбаганы айтылган.

КУТКАРУУЧУЛАР КАЗАКСТАНГА КЕТТИ

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 15-декабрь саат 12:20га карата берген маалыматка ылайык, Казакстандын аймагында кар күрткүгө кабылып, жол жүрө албай калган 16 кыргыз жараны Отар айылынан Кордайды көздөй жөнөтүлдү. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, алар андан ары Бишкекке өтүп кетишет.

Окуя болгон жерде подполковник Ырысбек Жолдошбаев жетектеген кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын улантышууда.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  Казакстандын Алматы-Ташкент автожолундагы кар күрткүсүнөн улам жол тыгынында калган кыргызстандыктарга куткаруучуларды жөнөттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Алга айылы менен Кордой айылынын ортосунда 100-150дөй машина жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай калган. Ал аймакка Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.

Казакстандын бир катар аймактарында, анын ичинде Жамбыл облусунда соңку үч-төрт күндөн бери күн кескин сууктап, айылдарда, жолдордо жана темир жолдордо чоң көйгөйлөрдү жаратты. Бороон-чапкындан улам жолдорго кар күрткүсү толуп, ондогон адамдар тыгында калып калышкан. Жамбыл облусунун акимчилиги соңку эки күндүн ичинде жолдо тыгында калган 5 миңден ашык адам куткарылганын билдирүүдө. 

МИЛИЦИОНЕРЛЕР КАРМАЛДЫ

12-декабрда Түп райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана анын эки кызматкери акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Түп районунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери болушкан.

Тактап айтканда, КР ички иштер органдарынын бул кызматкерлери атайын даярдалган кыздар аркылуу, зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча жасалма арыздарды каттоого алып, андан кийин жоопкерчиликке тартабыз деп коркутуу менен Түп районунун тургундарынан 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сому Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында кыздарга берилип, калган 80 миң сомун эртеси күнү алуу пландалган. Калган сумманы ала албай калып, милиция кызматкерлери Түп районунун тургундарына кысым көрсөтүү максатында зордуктоо аракети боюнча атайылап жалган арыз катташкан.

Жабырлануучулардын жазуу түрүндөгү арызынын негизинде 12-декабрда УКМК тарабынан Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармалган.

Каракол шаардык сотунун чечими менен 2023-жылдын 15-декабрында кармалгандар тергөө аяктаганга чейин №23 тергөө абагына киргизилди.

УКМК жогоруда аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Ысык-Көл облусунун тургундарын УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылууга чакырат.

Количество просмотров: 147