• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент өлкөгө карантин киргизбейт. Мурдагы министр суракка чакырылды

6 Теке 2020 18:05 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда коронавирус дагы 314 адамдан табылды. Бул тууралууСаламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүнкү брифингде билдирди. 

Кошумчалай кетсек бир сутка ичинде пневмониядан 18 бейтап каза болду. Алардын ичинен 10 бейтап Бишкек шаарында.

ПРЕЗИДЕНТ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН ЧОГУЛТТУ
Азырынча өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси карала элек. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле жыйында  мамлекет башчы өлкөдөгү кырдаалдын өнүгүшүн божомолдоо жана анализ жүргүзүү болбогонун айтып, өкмөт менен саламаттык сактоо министрлигинин ишин сындап, бир катар тапшырмаларды берди.

ОРУСИЯДАН МИҢГЕ ЖАКЫН КЫРГЫЗ КЕЛДИ
Бүгүн, 6-июлда Бишкек шаарына Кыргызстандын 963 жараны 20 автобус менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарындагы кыргыз жарандарын алып кетүү үчүн Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик коридор түзүү жөнүндө макулдашуу жетишилген.

ШАЙЛОО ШААНИСИ БАШТАЛДЫ
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга дагы 4 саясий партиядан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөр келип түштү.
Алар: «Мекен Ынтымагы», «Ордо», «Бирик» жана «Бийлик элге» аттуу саясий партиялары.

ЭКС-МИНИСТР СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ

Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылды. 

ЖУРНАЛИСТ БҮБҮКАН ДОСАЛИЕВА КАЗА БОЛДУ

Чыгаан журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» Бүбүкан Досалиева 62 жаш курагында капысынан келген оорудан улам каза болду.

Количество просмотров: 534