• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Шаардык сот жапырт кармалгандарды чыгарган жок. Токмокто депутат кармалды

10 Жалган куран 2023 18:17 Бишкек Govori.TV

КЕМПИР-АБАД ИШИ БОЮНЧА КАРМАЛГАНДАР

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасы каралды. Анда соттун чечими менен мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, активисттер Эрлан Бекчоро, Таалайбек Мадеминов, Марат Баязов, БШКнын мурдагы мүчөсү Гульнара Журабаева 20-апрелге чейин камакта калды.

Иш жашыруун деген макам алдында каралып жаткандыктан соттук процессге ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок. Ал эми камалгандардын жакындары төмөндөгүлөрдү айтып нааразы болушту.

Жактоочу Кантемир Турдалиев 5 айдан бери үч жолу гана сурак болгонун кошумчалады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту февраль айында башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Кемпир-Абад маселеси боюнча 20дан ашуун адам октябрдын аягында “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалып, камакка алынган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бир нечеси ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

СООДАГЕРЛЕР МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Бишкектеги Максим Горький гүлбагында Талас жана Ысык-Көл облустарынан келген 400гө жакын соодагер митинг өткөрүүдө. Алар өкмөттүн жаңы салык эрежелерине нааразы.

Акция катышуучулары контролдук-кассалык машина колдонууга беш жылга мораторий киргизүүнү жана салык эрежелерин жеңилдетүүнү талап кылууда. Күн мурун Талас шаарында да ишкерлер өкмөттүн ККМ боюнча талабына каршы митингге чыгышкан.

ЛАЙФ ТЕЛЕГРАМ

Апта башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Ала-Тоо 24» телеканалына берген маегинде зарыл болсо өкмөт милдеттүү түрдө ККМ колдонуу мөөнөтүн жылдырышы мүмкүн экенин айткан. Бирок кийинчерээк ККМге каршы митингдер боюнча Facebook баракчасына пикирин жазып, «нааразылык акцияларынан чыныгы пайда көрүүчүлөр – аткезчилик жол менен товар ташыгандар экенин» билдирген.

ДЕПУТАТ КАРМАЛДЫ

Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалды. Маалыматты Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, 26-февраль күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 26-февралда болжол менен саат 16:00дө белгисиз 6-7 жаран Токмок шаарында жайгашкан «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине уруксатсыз кирип, агрессивдүү түрдө кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылган. Аталган факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн.

«Териштирүүнүн жүрүшүндө «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар Яндекс Go’дун Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышкан. Чүй ОИИББнын тергөө кызматында болгон тергөөнүн жыйынтыгы менен 9-март күнү Токмок шаарынын тургуну 1988-жылы туулган  жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп жазылат маалыматта. Тинтүү учурунда газотравматикалык тапанчанын октору табылды. Учурда тергөө уланууда.

 “АЛЬФА ТЕЛЕКОМДУН” МУРУНКУ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН БИРИ КАРМАЛДЫ

Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу боюнча «Альфа Телеком» ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдириет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыш иликтөө иштеринин алкагында «Альфа Телеком» ЖАКна керектелген жабдыктардын жогорулатылган баада сатылып алынган фактысы аныкталды.

Такталгандай, «Альфа Телеком» ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Алынган далил материалдардын негизинде кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УУРДАЛГАН ЖАРАН ӨЗБЕКСТАНДАН ТАБЫЛДЫ

Өзбекстандын Наманган облусунда кыргыз жаранын уурдап кетип, барымтада кармап турган деген шек менен эки киши кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети  кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө шектүүлөрдү колго түшүрүү операциясын эки өлкөнүн атайын кызматтары биргелешип жүргүзгөнү белгиленген.

Маалыматка караганда, 28-февралда УКМКга Кыргызстандын жараны кайрылып, бир тууган агасы беш айдан бери Өзбекстандын аймагында белгисиз кишилердин барымтасында отурганын билдирген. «Кармалган Наманган облусунун тургундары былтыр 23-октябрда кыргыз жаранын алдап, Жалал-Абад обласунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан «Баймак» өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстанга алып өтүп кеткени аныкталды. Аны беш ай барымтада кармап, бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар акча талап кылышкан», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жыйынтыгында быйыл 7-мартта барымтада отурган кыргыз жараны мекенине жеткирилип, жакындарына өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын атайын кызматы кармалган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 589