• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Студенттердин окуу акысы азайбайт. Пара менен кармалган депутаттын тууганы 100 миң доллар төктү

13 Үчтүн айы 2021 19:38 Бишкек Govori.TV

КӨПЧҮЛҮК КОАЛИЦИЯ ПРЕМЬЕРЛИККЕ ТАЛАПКЕР СУНУШТАЙТ
Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция консультацияларды жүргүзгөндөн кийин премьер-министрликке талапкер сунуштайт. Бул тууралуу парламенттеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
13-январга карата Кыргызстанда дагы 92 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте бир бейтап көз жумду. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 587 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 358и сакайды. Соңку бир күндө 177 адам айыкты.

СТУДЕНТТЕРДИН ОКУУ АКЫСЫ АЗАЙБАЙТ
2- семестрден баштап, ЖОЖдордо, колледждерде, кесиптик лицейлерде салттуу түрдө окутуу уланат. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

АТАМБАЕВ СОТТУК ОТУРУМГА КЕЛГЕН ЖОК
Бүгүн, 13-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн отурумга мурунку президент Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Отурумга судья Азирет Медеров төрагалык кылып жатат.

ДЕПУТАТТЫН БИР ТУУГАНЫ 100 МИҢ ДОЛЛАР ТӨКТҮ
Пара алып жатканда кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери М.Келдибаев өлкөнүн бюджетине 100 миң доллар төлөп берди. Бул маалыматты күч түзүмдөрүндөгү булактарына шилтеме берүү менен Tazabek басылмасы бүгүн, 13-январда билдирди.

ЧОКОЕВ МЕНЕН ПРИМБЕРДИЕВ НААМЫНАН АЖЫРАДЫ
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс пикирин жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Количество просмотров: 179