• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Судьяга иш козголду. Жээнбеков президентке кайрылды

24 Чын куран 2023 18:19 Бишкек Govori.TV

ЖӨЛӨК ПУЛДАР БОЮНЧА МЫЙЗАМДЫН АТКАРЫЛЫШЫ СЫНДАЛДЫ

Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, учурдагы минималдык жашоо куржуну 7 501 сомду түзөт. Башмыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүгүндө, «пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат»-деп жазылып турат. Ага карабай бул талап, Кыргызстанда сакталбайт. Алсак, пенсионерлердин алган акчасы бир айлык керектөөсүн камсыз кыла албайт.

СҮТ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУДА

Жогорку Кеңештин тармактын комитетинин 24-апрелдеги жыйынында айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров сүт маселесине байланыштуу кыргыз өкмөт өкүлдөрү Москва шаарында жүргөнүн билдирди. Анын маалымдашынча, сүйлөшүүлөр 24-апрелде өтөт.
«Сүт боюнча Россельхознадзордун чечими чыккандан бери иштер жүргүзүлүп жатат. Айыл чарба министринин бир орун басары учурда Москвада. Ал Россельхознадзордун башчысы менен жолугат»,-деди Алишеров.

Жыйынында депутат Балбак Түлөбаев «эмне үчүн Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салды?» деген суроо узатып, пикирин айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салган. Расмий маалыматта, мындай чечим 10-16-апрель күндөрү сүт фермалары жана сүт чогулткан жайлар текшерилгенден кийин кабыл алынганы жазылган.

Эске салсак, ушул айдын башында Россельхознадзор кыргызстандык «Тойбосс» компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген «Тойбосс» компаниясы дооматты четке каккан.  Ага чейин, февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатат.

ТАЛАПКЕРЛЕР АРЫЗ БЕРҮҮДӨ

Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюу ниетин билдиргендердин саны 26га жетти.

Акыркы маалыматта убагында президент Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон Акин Токталиев да депутаттыкка талапкерлигин койгону айтылды.

Ошондой эле КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин төртүнчү жана бешинчи чакырылышына депутат болгон Дамира Ниязалиева да талапкерлигин көрсөткөн.

Бул арада абактагы Равшан Жээнбеков шайлоого катышуу үчүн тоскоолдуктар болуп жатканын айтып, президентке кайрылды.

«Менин дагы, Конституция менен мыйзам жол берген, Ленин району боюнча депутаттыка талапкерлигимди кою укугум бузулууда. Каттоо бүтөөрүнө 4 күн калды. Тилекке каршы КРсынын ЖАКнын жетекчилеринин бюрократиясынын айынан ушул күнгө чейин мени конвой менен алып барып каттаттуу маселеси чечилбей, созулуп атат»,-деп жазган Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, №26 Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Аталган округдан шайланып келген ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз арызы менен тапшырып берген. Добуш берүү 28-майда болот. Шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин белгилүү болот.

СУДЬЯГА ИШ КОЗГОЛДУ

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаарындагы Ленин райондук соттун судьясына «опузалап пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Анда атайын кызматка жарандардын бири судья оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2 миң доллар талап кылып жатканы тууралуу кайрылганы жазылган.
«Талап аткарылбаса соттолуучуга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарын айтып коркутушкан. Судья райондук соттун кызматкерлерин, жакын досторун аралаштырган, соттолуучулардан акча алган туруктуу коррупциялык схема такталды. 20-апрелде пара алуу учурунда бул схеманын бардык катышуучулары кармалган. 21-апрелде Ленин райондук соттун адиси жана ортомчу, судьянын досу камалды. Мыйзамдарга ылайык, судьяны жоопко тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу керек, учурда макулдук алуу жол-жобосу башталды»,-деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, өткөн аптада президент Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыктарга кол койгон. 

КЫРСЫКТАГАН ОКУУЧУЛАРДЫН АБАЛЫ

Автобус менен кырсыкка кабылган балдардын 16сы ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Анын айтымында, учурда бир бала жандандыруу бөлүмүндө. Абалы өтө оор.

Эскерте кетсек, 20-апрелде «Манас» аэропортуна баратка жолдо жол кырсыгы катталып, балдарды ташып бараткан автобус оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен окуучулар жабыркаган.

Количество просмотров: 249