• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Түрмөгө олтуруп чыккан саясатчылар… Базардагы баалар “асман чапчыды»

10 Жетинин айы 2020 18:40 Бишкек Govori.TV

Учурда Президенттик кызмат да өкмөт башчылык да бир адамдын колунда. Митингчилердин камакта жактан мурдагы депутат Садыр Жапаровду абактан чыгарып бийлик башына тургузганга айрымдар убагында каршы да пикирлерин айтышкан. Сындар менен колдоо сөздөрү да айтылууда. Колдо сөздөру демекчи, Жапаровду жандап жүргөн саясатчылардын басымдуу бөлүгу соттолгон же абакта олтуруп чыккандар экени тууралуу кептер козголууда.

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО АТТАНГАНДАР

Рашид Тагаев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-ноябрда Президенттик кызматка өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу “Ошгаз” филиалынын директору Рашид Тагаевден БШКга арыз түшкөн.

ШКУ САММИТИ

Бүгүн, 10-ноябрда, Россиянын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттеринин башчыларынын кеңешмеси болуп жатат. Ага Кыргызстандын атынан президенттин милдетин аткаруучу, прем-ер-министр Садыр Жапаров катышты. Иш-чара видеоконференция режиминде өтүп, эл аралык жана аймактык маанилүү маселелер тууралуу сөз болду.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 10-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен үч адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Ош облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1185 адамга жетти.

МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУУЛАР ЖАНДАНАТ

Кыргызстанда 11-ноябрдан тарта жалпысынан 1 миң 489 жалпы билим берүү мекемелери окууларын жандантат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, мектепке 1-6-класстардын жана 9-класс менен 11-класстын окуучулары барып окуйт.

МУРДАГЫ МИНИСТРГЕ ОПЕРАЦИЯ ЖАСОО КЕРЕК

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жүрөгүнө операция жасоо керек. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы кардиологу, профессор Акпай Сарыбаев тастыктады.

БАЗАРДАГЫ ӨРТ

Орто-Сай базарында чыккан өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу б Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Количество просмотров: 576