• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Талаада калган кыргыздар мекенине келе жатат. Бейөкмөттү тыябыз деп өлкөнүн келечегин ойлобогон депутаттар

22 Бугу 2020 18:26 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

22-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 37 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 22-майга карата өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1350 адамга жетти.

ТАЛААДА КАЛГАН МИГРАНТТАР ЧЕК АРАДАН ӨТТҮ
Казакстан менен чек аралаш Оренбург облусунун Бузулук районунда талаада калган кыргызстандык жарандар бүгүн, 22-майда 9 автобус менен чыкканы маалым болгон. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жалпы 417 жаранды жөнөтүү пландалып, бирок 410 жаран жолго чыкты.

ӨЭУ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУДА

Бүгүн парламентте бейөкмөт уюмдарынын финансылык иш-аракеттерин көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам долбоору боюнча талкуу жүрдү. Ага Кыргызстандагы бир катар эл аралык жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү,  демилгечилер, жарандык активисттер, өкмөттүн өкүлдөрү,
катышты.  Долбоордун демилгечилеринин бири Райымкулов коммерциялык эмес уюмдар бардык финансылык каражаттары, мүлкү жана кызматкерлердин айлык акысы тууралуу маалыматты тиешелүү органдарга ачык көрсөтүп, отчёт бериши керек деген сунуш киргизип жатканын билдирди.

КАМПАДА ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТЕЛДИ

Бишкекте күйүүчү май сакталуучу кампада өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин  маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык,  күйүүчү май сактоочу жайдан чыккан өрт саат 11:24тө чектөөгө алынган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттеринин натыйжасында жанындагы кафе жана башка турак жайлар аман калган. Белгилей кетсек, буга чейин Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеден өрт чыкканы айтылган эле.

ЧЕК АРАДА ЖАРАКАТ АЛГАНДАР ООРУКАНАДАН ЧЫКТЫ

Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан улам жаракат 2 жабырлануучу — аскер кызматкерлери бүгүн, 22-майда ооруканадан чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үчүнчү жабырлануучу медициналык кызматкерлердин козөмөлүндө.

Количество просмотров: 313