ЖАПАРОВДУН РАСМИЙ САПАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна расмий сапар менен барат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь бүгүн визитти даядоо жана өткөрүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле алар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын май айында Кытайга мамлекеттик сапарынын жана «Борбордук Азия-Кытай» Саммитине катышуусунун жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.
КЕМПИР-АБАД ИШИ: СОТ 14 АДАМДЫ КАМАКТА КАЛТЫРДЫ
Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-августта Кемпир-Абад окуясына байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын карап, дагы эки айга узартты. Кийинки соттук отурум 21-августка белгиленди. 22 июнда башталган сот процесси Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан жабык каралып жатат. Жактоочулар соттун создуктурулуп жатканына нааразы. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган. Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. 11 адам түрдүү жагдайлар менен үй камагына чыгарылган.
БОСТЕРИДЕГИ ЖИГИТТИН ӨЛҮМҮ: ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ
Бостеридеги жарандын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. 8-август күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан аталган окуя боюнча чогулган маалыматтардын негизинде, бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122 – беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар, мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну, Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын 28 жана 29 жаштагы тургундары болуп чыгышты.
Кошумчалангандай, Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандарга карата тергөө амалдарын өткөрүү мезгилинде 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Бул арада ИИМдин резонанстуу окуя боюнча жарыялаган видеосу 2 жыл мурунку болуп чыкты. Бул тууралуу журналист Эламан Карымшаков айтып чыкты.
Облустук милиция бул боюнча төмөндөгүдөй комментарий берди.
«Чындыгында сунушталган видеодо архивдик видеолор колдонулган, анткени Бостери айылындагы «Золотые Пески» пансионатынын жээгинде эс алуучунун өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо учуру түнкүсүн жүргүзүлгөндүктөн, кадрлардан абдан начар көрүнүп калган. Буга байланыштуу архивдик видео колдонулган. Бардык шектүүлөр кармалган жана Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган»,-деп билдиришти облустук милициядан.
8 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН КЫРСЫК
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 13-август түнү ири жол кырсыгы катталып, сегиз адамдын өмүрүн алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, кырсыкка кабылгандардын алтоосу Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Алардын үчөөсү трамватологияда дарыланып жатса, дагы үчөөсү өтө оор абалда реанимацияда. л эми кырсык катталган жайдан сегиз адамдын сөөгү өлүкканага алып келинген. Алардын экөөсү жаш балдар.
Автокырсык Кызыл-Омол уран кениге жакын жерде катталып, BMW жана Audi унаалары кагышкан.