• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: УКМК «ЦУМдун» ээсине издөө жарыялады. Мадумаровдун жакындары кайрылуу жолдошту

13 Жетинин айы 2023 18:09 Бишкек Govori.TV

МАДУМАРОВДУН ИШИ КАРАЛДЫ

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодогу каражат маселесине байланыштуу  “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун адвокаттарынын апелляциялык арызын карады. Жактоочулар тергөөдөгү далилдерди мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарууну сураган. Шаардык сот аны канаттандырган жок.

Сотко Мадумаровдун тарапташтары менен жакындары келген. Алар бир тууганынын ден соолугуна кабатыр болуп жатканын белгилешип кайрылуу жолдошту.

Буга чейин Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров бул иш боюнча сентябрь айында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкы башкармалыгында сурак берген. Ал партия шайлоодо акча чогултпай турганын айтып, айыпты четке каккан.

Мадумаров үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Мадумаров 26-октябрда эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, кийин кайра абакка которулган.

ЖУРНАЛИСТ СУРАК БЕРДИ

13-ноябрда журналист Канышай Мамыркулова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгында күбө катары сурак берип чыкты. Сурактан чыккан Мамыркулова  “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун ишине байланыштуу суралганын айтты.

Кошумчалай кетсек, аталган иш боюнча бүгүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Эльмурат Калыбеков да УКМКга суракка чакыртылган.

Ал эми УКМК сурак боюнча комментарий бере элек.

 Эске салсак, 21-сентябрда кармалган Замирбек Шамшидин уулун  Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-сентябрда №1 тергөө абагына камакка алган. Райондук сот 13-ноябрда анын камактагы мөөнөтүн узартып, 8-декабрга чейин абакта калтырды.

Замирбек Шамшидин уулуна Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш козголгон. Адвокаты 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдында сүйлөгөн сөзүн экспертизага берип, иш “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнүн билдирген.

 “ЦУМДУН” ЭЭСИ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун ээси Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 13-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен шек саналып, сыртынан айып тагылды. Атайын кызмат Анвар Габбазов маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгенин кабарлады.

Тергөөдө ал жардамчысы Рамонов аркылуу Камчы Көлбаевге “Мерседес Бенц 222” брондолгон автоунаасын белекке бергени, ал Анвар Габбазовдун акчасына сатып алынганы аныкталган. 2020-жылдын октябрь айында ал машинаны мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен. УКМК Анвар Габбазов жана Камчы Көлбаев ымалалаш тараптар менен биргеликте Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында баасы 15 млн доллар болгон мурдагы “ЗИЛ” пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, жакын адамдарына каттатып алышканы тууралуу маалымат түшкөнүн кошумчалады.

Андан тышкары экөөнүн ортосундагы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары такталган. Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Ал эми УКМК аны менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. 

 “ФЕЙСБУК” КОЛДОНУУЧУСУ КАРМАЛДЫ

2023-жылдын 19-ноябрында массалык баш аламандык уюштурууга чакырган “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган КР жараны аныкталып, кармалды

Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн колдонуучу купуялык орнотуп алган, б.а. “Фейсбук” социалдык тармагындагы фейк аккаунтун колдонгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жеринде 4 даана мобилдик уюлдары, 1 даана персоналдык компьютер, 2 даана ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылып алынды.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ЭРТЕҢ РАДИО ЖАНА ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮЛӨР ӨЧӨТ

Кыргызстан боюнча 14-ноябрда радио жана телекөрсөтүүлөр 8 саатка өчүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргызтелекомдон» кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта профилактикалык иштер жүргүзүлөт.

«Кыргызстандын аймагында саат 8:00дөн 16:00гө чейин санариптик, мамлекеттик жана коммерциялык телекөрсөтүүлөр өчүрүлөт. Ошондой эле спутниктен теле жана радио көрсөтүүлөрдүн сигналы таратылбайт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 253