• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Вирус жуктургандардын саны 58 болду. Бюджеттин тешиктерин жабууда ЭВФ кыргыз бийлигин колдоду

27 Жалган куран 2020 23:55 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАНДА КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ 14 УЧУРУ КАТТАЛДЫ

Бүгүн, 27-мартка карата Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал боюнча өкмөт үйүндөгү түшкү онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстанда дагы 14 адамдан коронавирус аныкталды.

ЭВФ КЫРГЫЗСТАНАГА КАРАЖАТ БӨЛДҮ

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 121 миллион долларга чукул каражат бөлдү. Буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ЭВФтен коронавирус менен күрөшүүгө акча бөлүп берүүнү өтүнгөн. Бул ЭВФтин башкаруу кеңеши чечимди тез арада кабыл алып, мүчө өлкөгө өтө тездик менен каржылык жактан жардам көрсөткөн биринчи учур.

КОМЕНДАНТТЫК СААТТА ОК АТЫЛДЫ

Бишкектеги коменданттык саат учурунда эреже бузуп, милиция кызматкерлерине баш бербестен унаасы менен качкан жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн онлайн маалымат жыйында Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Маалыматка караганда, аларга эскертүү иретинде асманга ок атылган.

ПАРЛАМЕНТТИН ӨКҮЛҮ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Милицияга кол көтөрдү деген Эрнест Молдошев 24-мартта жумуштан бошотулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди. Анын айтымында, Эрнест Молдошев 24-март күнү өз арызынын негизинде парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчылыгынан бошотулган.

ШАЙЛООНУ ЖЫЛДЫРУУ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев быйыл өтө турган жергиликтүү кеңештердин жана парламенттин депутаттарын шайлоону кийинки жылга жылдыруу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Количество просмотров: 192