КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
28-апрелга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 13 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Үсөнбаевдин айтымында, Кыргызстанда бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. 2 учур тең Нарын облусунун Жумгал районунда катталган. Анын бирөө дарыгер, бирөө кичи медкызматкер. Муну менен катар эле Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Ушул эле жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары 28-апрелге карата коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 2 миң 915 адамга жеткенин кошумчалады.
ӨЗГӨЧӨ АБАЛ УЗАРТЫЛАТ
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат. Мындай чечим президент Сооронбай Жээнбеков башында турган Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.
Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 2020-жылдын 10-май күнүнө чейин өзгөчө абалды узартуу максатка ылайык экендигин белгилешти.
ОРУСИЯДАН 157 ЖАРАН АЛЫНЫП КЕЛИНДИ
28-апрелде «Манас» эл аралык аба майданы Орусиянын Екатеринбург шаарынан келген чартердик рейсти тосуп алды. Коопсуздук чаралары үчүн учакта келген 157 жүргүнчү аэропорттун имаратына киргизилбестен, учуу тилкесинен тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү. Ушул эле учак Бишкектен Екатеринбургга Орусиянын жарандарын алып кете турганы белгилүү болду. Орусиянын Екатеринбург шаарынан Бишкекке чартердик рейсти «Урал аба жолдору» авиа компаниясы алып келген.
БИШКЕКТЕ АВТОУНАА ИМАРАТКА БАРЫП УРУНДУ
Бишкекте 27-апрель түнү «Субару» автоунаасы коммерциялык банктын имаратын сүзүп алган. Бишкек комендатурасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 27-апрелде түнкү саат 22:30дар чамасында «Субару» автоунаасынын 1988-жылкы мас айдоочусу Безымянный көчөсү аркылуу чыгыш багытында бара жаткан. Юнусалиев көчөсүнүн кесилишинде рулга ээ боло албай калып, коммерциялык банктардын биринин имаратын сүзүп алган. Унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга карата протокол толтурулган. Ошондой эле айдоочу коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.
КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» бекети убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт. Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасында майрамдала турган “Эмгек күнүнө” карата 2020-жылдын 30-апрелинен 5-майга чейин «Эркечтам унаа жолу» бекети жабык болот. Ал эми 6-майдан тарта аталган бекет кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт. Эске сала кетсек, «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекети коронавирустан улам 2020-жылдын 15-апрелинде кайрадан иштей баштаган болчу.