• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Көпөлөктөрдү» кармоо жүрүп жатат

7 Аяк оона 202412:34 Бишкек Govori.TV

“Притон-Көпөлөк» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

2024-жылдын 6-7-сентябрь күндөрү Бишкек шаарынын аймагында “Притон-Көпөлөк” аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлүп жатат. Милиция кызматкерлери сексуалдык кызмат көрсөткөн кыздар иштеши мүмкүн болгон жерлерди текшерүүдө. Адатта алар сауналар, мейманканалар, ижарага алынган батирлер. Бир түндө милиция бөлүмүнө сексуалдык кызмат көрсөткөн 8 кыз жеткирилген.

Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери тарабынан интимдик кызмат көрсөткөн адамдарды жана сойкуканаларды кармоого тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча иштер улантылып жатат, алар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Көңүл бургула! Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, эгерде сиздерде интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген адамдар же жайлар тууралуу маалыматыңыз болсо, дароо төмөндөгү телефондорго чалыңыз:
Whatsapp 0(701) 700-251, 0(312) 43-73-75
жана кыска 102 номерине 24/7 кайрылыңыз. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

    Количество просмотров: 162