«БАРУ» Мамлекеттик ишканасынын коррупциялык фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан системалык коррупциялык иштерге бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык Мэриясынын «Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы» мамлекеттик ишканасындагы («БМАУ» МИ) туруктуу коррупциялык схема аныкталды
«Такталгандай, «БМАУ» МИ жеке кызматкерлери маркумду көмүү иш-чараларында аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө 1000дан 5000 АКШ долларына чейин акча каражаттарын сый акы катары алып жүрүшкөн.
2021-жылдын 18-майында КР УКМК сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен «БМАУ» МИ кызматкери кармалды», — деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган «А.А.» КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын УКМК «БМАУ» МИ мындан ары мыйзамсыз иштерге катышкан кызматкерлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, бекер жер тилкелеринин жоктугунан, 2021-жылдын 1-январынан тартып Түштүк-Батыш көрүстөнү жабылган.