• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Көрктөндүрүү эрежелерин бузган 3 курулуш компаниясына айып салынды

11 Жалган куран 2024 12:25 Бишкек Govori.TV

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган үч курулуш компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы унаа жүрүүчү көчөлөрдү булгаганы үчүн Ак-Өргө конушундагы «Дор Курулуш Групп» ЖЧКсы, Б. Алыкулов көчөсүндөгү «Ресурс курулуш компаниясы» ЖЧКсы, Д.Садырбаев көчөсү, 79 дарегиндеги «Азат Строй Сервис» ЖЧКсына протоколдор түзүлүп, ар бирине 23 миң сомдон, жалпы 69 миң сом айып салынды.

Ушундай эле мыйзам бузуу менен 08 kg 135 ABR мамлекеттик номердеги бетон аралаштырган унаанын ээси И.Вга айып протоколу түзүлдү. Ал унаасынын дөңгөлөктөрүндөгү топуракты тазалабастан айдап, көчөнү булгаган. Унаа ээсине 7500 сом айып пул салынды.

Теги:
Количество просмотров: 80