• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Көшөгөнүн артын көрбөй,эмнеге аскерди сындап жатасыңар?»,-деп кайрылуу жасаган аскер кызматкери сыйланды

22 Аяк оона 2022 10:45 Бишкек Govori.TV

«Тажик-Ооган чек арасында тынчтыкты орнотуу союзу» коомдук бирикмеси Базар-Коргон райондук аскер комиссариатынын кызматкери Союзбек Сатаровго сыйлап, патриоттуулукка чакырып, кыргыз армиясына кошкон салымы үчүн атайын төш белгисин тапшырды.


Буга чейин аскер кызматкери атайын уставга дал келбесе дагы, көкүрөгүндөгү чындыкты айтып кайрылуу жасаган. Мындай билдирүү Тажик тараптын кол салуусуна дал келип калгандыктан, коомчулук Баткенде тартылган кайрылуу деп ойлоп калган. Чындыгында бул кайрылуу Жалал-Абаддагы Базар-Коргон райондук аскер комиссариатында тартылган.


Аталган бирикменин ардагерлери Тажик тарап кол салганда карап турбастан, өздөрүнүн аракетин көрүп, Баткенге өздөрүнө тиешелүү аскердик курамын жиберишкен.
Мындан сырткары ардагерлер «Он гүлүнөн бир гулу ачыла элек» кырчындай өмүрлөр кыйылгандан көрө биз барсак болот эле деген ойдо турганын айтышты.


Мындан сырткары аталган коомдук бирикменин ардагерлери учурдагы кыргыз армиясынын абалына токтолуп өтүштү.


Аягында Тажик тараптын кол салуусунан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтуу менен бирге терең таазим кылаарын айтышты.

Количество просмотров: 3065