• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тергөөчүнүн бөлмөсүнөн ичине бычак сайган Темирлан Ормуковду тез жардам менен алып кетишти (видео)

29 Жалган куран 2018 13:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.03. 2018. Govori.TV

Темирлан Ормуков өзүнө издөө жарыялангандыгын тактоо үчүн бүгүн Бишкек ШИИБне барган. Тергөөчү аны № 1- Тергөө абагына алып кетүү аракетин көргөндө ал ичине бычак сайган экен.

Опубликовано Темирлан Ормуков Четверг, 29 марта 2018 г.

Активист Адил Турдукуловдун айтымында Октябрь райондук сотунун чечими менен Темирлан Ормуков камака алынганы жатат.

“Жактоочулар Ормуковдун саламаттыгы тууралуу дарыгерлердин справкасын алып келип көргозгөнү жатышат. Себеби ал майып, көзү жакшы көрбөйт, жакында эле эки жолу микроинфаркт болгон –дейт активист Адил Турдукулов.

2017-жылдын февраль айында Темирлан Ормуков ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана бир катар саясатчыларды шакабалаган ырларды жазгандыгы үчүн “жалган маалымат тараткан” деп айтыпталып, кылмыш иши козголгон.

Депутат Дастан Бекешов милицияга арыз менен кайрылып,  Темирлан Ормуков “оң рулдуу унаалар тууралуу мыйзамды артка жылдыруу үчүн унаа саткандардан акча алды деп, менин аброюма шек келтирди деген” .

Милиция иликтөө иштерин жүргүзүп, Темирлан Ормуковдун айткан сөздөрү жалган экендигин аныкташкан. Темирлан Ормуков жалган маалымат тараткандыгы үчүн айыпталып, мурда камака алуу аракети болгон. Бирок ден-соолугуна байланыштуу камака алынган эмес.

Количество просмотров: 22