• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Кабарлар” маалымат агенттиги жетекчисинин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

24 Бирдин айы 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

“Кабарлар” маалымат агенттиги жетекчисинин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

“Акыркы эки жумада kabarlar.kg маалымат сайтына хакердик чабуул болгон, узакка созулган техникалык иштерден кийин калыбына келтирилген. Бир-эки күн мурун бир нече адам агенттиктин жетекчилигине кайрылып, айрым саясатчылар жөнүндө терс материалдарды жазбоону талап кылышкан. Кийинчерээк Аскар аттуу жаран “Кабарлар” маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетовага кайрылып, ага журналисттер менен маалымат жыйын уюштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал кармалгандыгына байланыштуу кырдаалды түшүндүрүп берүү максатында пресс-конференция берүүнү каалагандыгын билдирген. Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Аскарды мас абалында унаа башкарганы үчүн Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кармалган видео пайда болгон. Кармалган учурда ал президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасаган. Бул видеонун баштапкы булагы “oppa_kg” жаңылыктар сайты болчу жана анын андан ары жайылышы “Кабарлар” МАдан көз каранды болгон эмес. Аскар буга чейин бир нече маалымат агенттиктерине ага маалымат жыйынын уюштурууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Үмүт Мукамбетова аны жеке өзү таанып, уюштурууга жардам берүүгө макул болгон жана ал уюштурууга кеткен чыгымдар үчүн 20 миң бөлүп берүүнү убада кылган, пресс-конференция “Жанатта” өтмөк. Биздин агенттик муну саясий буйрук жана Маалымат агенттигинин беделин түшүрүүгө багытталган максаттуу уюштуруу деп эсептейт”, – деп жазылат «Кабарлар» агенттигинин билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, 22-февралда УКМК “Кабарлар” маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетованы кармалган.

Количество просмотров: 3097