• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кабул аэропорту иштеп баштады

17 Баш оона 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Ооганстандын борбору Кабулдун аэропорту иштей баштады. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 16-августта конуп-учуу тилкесинде коопсуздук эрежелери бузулганына байланыштуу эвакуациялоо иштери убактылуу токтотулган.

Эске салсак, “Талибан” кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы президенттик сарайды кечээ кечинде ээлеп алды. Президент Ашраф Гани бийлигин алдыргандан кийин өлкөдө чыгып кетти. Ал алгач Тажикстандын борбору Душанбеге барганы, кийин ал жерден башка жакка жөнөп кеткени, кайсы жер экени так айтылбай жатканы кабарланды. Ооганстандагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өз жарандарын чыгарып кетүүдө. Ашраф Гани Facebook баракчасы аркылуу кан төгүүгө жол бербеш үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирди.

Количество просмотров: 325