• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Кабыргага уруп, тырмак астына ийне сайышкан”. Абактагы өспүрүм кыйноого кабылганын айтып чыкты

27 Баш оона 2021 15:03 Бишкек Govori.TV

Эки кишини өлтүрүү боюнча шектелген өспүрүм кыйноолордун негизинде күнөөсүн мойнуна алгандыгын билдирди. Бул тууралуу Кыйноолорду алдына алуу боюнча борбордон кабарлашты.

Маалымат боюнча, 2005 -жылы туулган, жашы жете элек Ж.Мдин ата-энеси А.Б аттуу жаран Свердлов райондук ИИБнын милиция кызматкерлери тарабынан уулу кармалгандан кийин кыйноого алынгандыгын билдирип, арыз менен Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы Кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КР КАУБ) өкүлчүлүгүнө кайрылды. Өспүрүм 2021-жылдын 12-майында Бишкекте денесинде зордук -зомбулуктун белгилери табылган эки аялды өлтүргөн деп шектелүүдө.

 КР КАУБ кызматкерлери азыркы тапта ЖАМКнын №14 тергөө изоляторунда жаткан бул өспүрүм менен баарлашты.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ж.М. 2021-жылдын 12-майында ал Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Ой-Тал айылында кармалганын билдирди. Өспүрүмдүн айтымында, андан кийин милиция кызматкерлери аны Чоң-Өрүктү айылындагы токойдо кыйноого алышкан. Күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн милиция кызматкерлери баланын кабыргасын уруп, башына хлор салынган полиэтилен баштыгын кийгизип, ийнени тырмактарынын астына сайышкан. Андан кийин аны унаанын багажына салып, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна алып келишкен. Кабинетте милиция кызматкерлери кармалган өспүрүмдү тапанча менен коркутуп, кыйноону улантышкан. Ал көрсөтмө берүүдөн баш тартканда, ыкчам кызматтын өкүлдөрү баңгизатын жашыруун салып, атасын каматып салышарын айтып коркутушкан. Андан кийин, өспүрүмдүн айтымында кылмышка барбаса да, киши өлтүрүү фактысын мойнуна алууга туура келген», — деп КР КАУБнын Бишкек жана Чүй облусундагы өкүлдөрү болгон ишти маалымдашты.

Баарлашуудан кийин Ж.М. КР КАУБна кыйноо жөнүндө арызын жазды. Борбордун кызматкерлери мындан сырткары тергөө изоляторундагы камераларга, карантиндик зонага жана тарбиялоочу колонияга киришти. Ушул тапта тергөө изоляторунда жана колонияда 24 жашы жете элек бала жана Казакстандын 1 жашы жете элек өспүрүмү карантиндик зонада отурушат. Сурамжылоонун жүрүшүндө кыйноо же катаал мамиле жасоо тууралуу башка даттануулар болгон жок.

Количество просмотров: 463