• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кадамжайда мыйзамсыз алтын казгандар кармалды

7 Баш оона 202413:19 Бишкек Govori.TV

Баткен райондук сотунун чечими менен мыйзамсыз алтын казууга шектелген төрт киши эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

УКМКнын маалыматында, Баткендин Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагындагы Ничкесу кенинен алтын рудасын мыйзамсыз алып чыгуу аныкталган. Апрелден баштап июль айына чейин шектүүлөр уруксат кагазы жок алтын кенин иштетишкен.

“Тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпысынан тереңдиги 2 метрден 5 метрге чейин, туурасы 3 метр, узундугу 57 метр болгон алтын кени казылганы аныкталган”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 102