• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

“Кадастр” мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды

18 Тогуздун айы 2023 15:51 Бишкек Govori.TV

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө («Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Араван райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын 4 кызматкери Н.Д.А., И.А.Х., К.М.Э., М.Ж.Ж. ошондой эле Араван районунун Тепе-Коргон а/о мурдагы башчысы Ж.Х.Ж. кармалды.

Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын түштүк башкармалыгынын баалоо экспертизасынын жыйынтыгында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген чыгым 36,9 млн сомду түздү.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 545