Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү баласы Кадыр Атамбаев Кыргызстандан кетип жатат. Бул тууралуу 24.kg сайты жазды.
Маалым болгондой, Кадыр Атамбаев учурда «Манас» эл аралык аэропортунда.
Ал эми КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул маалыматты ырастап, Кадыр Атамбаев чет өлкөгө окуусун улантуу үчүн кетип жатканын айткан.