• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кадырман калкым! Эл аралык издөөдө жүргөн Мелис Мырзакматов кыргызстандыктарга кайрылды

31 Бештин айы 2019 10:21 Бишкек Govori.TV

Эл аралык издөөдө жүргөн “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын төрагасы, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов кыргызстандыктарды фейсбук баракчасы аркылуу Жаңы жыл менен куттуктады.

Анда Мырзакматов, Жаңы жыл менен эски жылды жалгаштырган ушул мүнөттөрдө, ак дил, аруу сезимден чыккан куттуктоо жана каалоо-тилектеримди кадырман журтума жолдоюн дедим, деп айткан.

«Кадырман калкым! Жаңы жыл майрамы – баарыбыз үчүн өзгөчө шаңдуу, сүймөнчүк майрам. Мына ошол баарыбыз толкундануу менен күткөн майрам-шаңда ар бирибиздин үй-бүлөбүздө жаркын маанай, жайдары жашоо жана бакубат турмуш болсун! Асманыбыз ачык, түндүгүбүз бекем болуп, туубуз көк тиреп турсун! Жаңы жыл өлкөбүз, жумурай журтубуз үчүн жакшылыктардын гана жарчысы болсун!», — деп айтылат кайрылууда.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган жана сыртынан жети жылга соттолгон. Мырзакматов кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

Количество просмотров: 5172