• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кайра шайлоо: Талапкер болууга арыз бергендердин саны 20га жетти

19 Чын куран 2023 17:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-апрелде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2023-жылдын 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Усубалиева Гульмира Тургунбековнадан (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.

КР Президентинин Жарлыгы менен № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалганын эске салабыз.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз берген талапкерлердин саны 20га жетти.

Количество просмотров: 90