• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кайрат Кыргыз менен продюсеринин ортосунда чыр чыкты

29 Баш оона 2018 12:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.08.2018.Govori.TV.
Ырчы Кайрат Кыргыз (Кайрат Салмакеев) менен продюсери Эркин Мээркановдун ортосунда келишпестиктер чыкты. Бул тууралуу маалыматты алып баруучу Элмара Турсуналиева жарыялады. Анын айтымында, Кайрат Салмакеев продюсери менен түзүлгөн юридикалык келишимдин жоболорун одоно бузган.
1.Продюсер сүйлөшкөн иш-чараларга барбай коюуну адат кылып алган.
2. Кесиптештердин-чыгармачыл адамдардын арасында адепсиз мамиле жасаган фактылар катталган.
3. Продюсердин уруксаты жок жеке иш-чараларга баруу менен келишимди бузган (көп ирет).
9. Продюсер-ырчы мамилесинин этикасын орой бузган.
Буга байланыштуу продюсер Эркин Мээрканов ырчыга төмөнкүдөй талаптарды койду:
—  2018-жылдын 22-августунан тартып, Кайрат Кыргыз- Кайрат Салмакеев, мен ойлоп тапкан жана алып берген сахна кийимдери менен чыгууну токтотот.
— Жазып берген ырларым:
o «Жаштык кез» $5000 ыры. Клиптин баасы $1200;
o «Жактырам» $2000. Клиптин баасы $1200;
o «Гүлдөйжан» $3000;
o «Сүйүү ыры» $2000;
o «Жаштарга» А.Огомбаев $700 аранжировка.
— Бул чыгармаларды кай жерде болбосун: коомдук жайларда, концерттерде, тойлордо, эл чогулган жерлерде, продюсер жана автор катары ырдоого тыюу салам.
Количество просмотров: 31