Чүй облусунда каракчылыкка шектелген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга инкассатор болуп иштеген А.К. атту жаран арызы менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 18-октябрында болжол менен саат 04:30 чамасында Петровка айылынын Ак-Суу бурулушунда, газ заправкасынын артында, беткап кийген белгисиз адамдар анын бетине калемпир газын чачып, эки сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Бул факты катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ички иштер органдары жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында бул кылмышка шектелген адамдар аныкталып, кармалган. Алар: 1988-жылы туулган С.Т., 1987-жылы туулган И.Н., 2000-жылы туулган У.М., 2002-жылы туулган Д.Ш. атту жарандар болуп чыккан.
Райондук сот алардын ар бири боюнча камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.