• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камактагы Жээнбековдун кызынын атасына арнаган ыры (видео)

23 Үчтүн айы 202010:52 Бишкек Govori.TV

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун кичү кызы атасын сагынганын айтып, кыргыз тилинде ага арнап ырдап жаткан видеосу социалдык тармакка тарады.

https://www.facebook.com/kyrchyn/videos/2757201814371614/

Эске салсак, Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулганы кабарланды.

Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.

26-декабрда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырды. Ал азыр №1 тергөө абагында камалып турат

Количество просмотров: 798