• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы адам кармалды

7 Теке 2023 16:43 Бишкек Govori.TV

К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалап акча талап кылуу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган Н.С.Т. атту жаран кармалды.

«Н.С.Т. 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен Кыргыз Республикасынын жаранынан “Мерседес S500” үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң АКШ долларын күч колдонуп тартып алган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.С.Т. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 124