• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев: Бирөөлөрдүн бизнестерин тартып алгандарды жоопко тартабыз

10 Баш оона 202413:43 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунда бокс борборун ачуу учурунда жетекчилерге бир катар эскертүүлөрдү берип, «жөнөкөй адамдарга шарт түзүшүбүз керек. Чиновник чыдаса мамлекеттик кызматта иштеш керек, а эгер чыдабаса, кызматтан кетип өзүнүн бизнесин кылыш керек. Бирөөлөрдүн бизнестерин уюшуп алып тартып алгандарды жоопко тартабыз», — деди.


Ташиев өлкөдө кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш активдүү жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүмүн, кыйынмын, бандитмин, бирөөнүкүн тартып алам» деген адамдар азайып, жокко эсе болуп калды.

«Мындан ары мамлекетте эркин жашоо болот. Уюшуп алып, бирөөлөрдүн
бизнестерин тартып алып, бирөөнүн бизнесине жамандык кылган адамдар болбойт.
Андай адамдарды кескин түрдө мыйзам чегинде жоопко тартабыз. Укук коргоо
органдарынын жетекчилери турасыздар, бардык жерди карагыла. Эгерде ошондой
адамдар чыга турган болсо маалыматты бергиле. Мамлекет эч кимден тайсалдабайт,
аларга катуу сокку урабыз», — деди ал.


Ташиев ошондой эле чиновниктер арасында коррупция бар экенин белгиледи. Ал
аткаминерлер кандайдыр бир деңгээлде коррупцияга аралаша турган болсо эч
нерсеге карабай жоопко тартыларын эскертти.


«Мамлекеттин бюджетин талап-тоноп жегендер, мамлекетке зыян келтиргендер,
жөнөкөй элдин ырыскысына кол салгандардын бардыгын жоопко тартабыз. Кудай
буюрса жөнөкөй адамдардын жыргал жашоого жете турган заманы жакындап калды.
Жөнөкөй адамдарга шарт түзүшүбүз керек»- деди Ташиев.

Теги:
Количество просмотров: 545