Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Бокс федерациясынын вицепрезиденти Камчыбек Ташиев бүгүн Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында бокс ордосунун ачылыш аземине катышты.
Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов фейзбуктагы баракчасына жазды.

Аталган спорт ордосунун ордунда буга чейин эски спорт зал болгон. Анда спортчулар
үчүн керектүү шарттар жок болгон. Имарат 2005-жылдары ашар жолу менен курулуп,
талаптарга жооп берген эмес.


Машыктыруучу Бакытбек Рыскулов жергиликтүү тургундардын атынан Камчыбек
Ташиевге кайрылып, балдар үчун бокс ордосун жаңылап куруп берүүсүн суранган.

Жаңы бокс ордосу бир айдын ичинде курулуп, бүткөрүлгөн.
Анда боксчулар үчүн жана башка спортчулар үчүн машыгуу каражаттары толугу
менен камсыздалып, машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ачылыш аземге жергиликтүү тургундар жана Камчыбек Ташиев катышты.

Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып: «Бул бокс ордосунан дагы бүгүнкү күндө Кыргызстаныбызды бүткүл дүйнөгө таанытып, Олимпиада оюндарында финалга чыккан Мунарбек Сейитбек уулундай боксчулар көп чыгат деп ишенем. Кудай буюрса бул ордо жаштарыбыздын,
келечек муундун сүйүктүү спорт ордосу болуп калышына тилектешмин…», -деди.

Бокс ордосу учурда 200гө жакын спортчуларды машыктырууга ылайыкташып, кабыл
алууга даяр. КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Бакытбек Рыскуловдун көзөмөлүндө
машыгуулар өткөрүлөт.