• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Камчыбек Ташиев: “Өкмөт тез аранын ичинде чек ара боюнча протоколду бериши керек”

19 Жалган куран 2019 14:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.03.2019. Govori.TV

Экс-депутат Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жерине барып кабар алып келген.

Бүгүн, 19-мартта Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, ал жакта болгон маселе тууралуу маалымат берди.

Анда ал жергиликтүү элдин бийлик бутактарына ишениминин жоктугун баса белгиледи. Мындын сырткары протоколго кол коюлду дегени менен, кыргыз тараптан маалымат берилбей жатканын айтты.

“Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз тараптан маалымат алалган жокпуз. Кандай протоколго, кандай шарттар менен кол  коюлгандыгы тууралуу маалымат бере элек. Ал эми Тажикстан тарап толук бойдон берип жатат. Вице-премьер-министри кандай протоколго, кандай негизде болгондугун айтып жатат. Ал эми биз тараптан эч кандай түшүндүрмө берилген жок. Кыргыз өкмөтү тез аранын ичинде кол коюлган протоколду коомчулукка бериши керек. Коомчулук билиши керек. Кандай шартта, кандай негизде болгонун”,-деди Ташиев.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланды. Андан кыргыз тараптан үч адамга ок тийди, тажик тараптан эки адам өлүп, бир нечеси каза болгону маалым болгон.

Количество просмотров: 42