• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев сапаттуу жумуш аткарылбаса катаал чаралар көрүлөрүн эскертти

22 Теке 202412:28 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барып, Ош-Ноокат-Раззаков жолундагы абал менен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев маалымат беришти.

Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолунда иштин жай жүрүп жатканын белгилеп, октябрь айынын аягына чейин курулуш иштерин бүтүрүү милдетин койду. Жол курулушунун сапатын өз көзөмөлүнө алаарын айтып, мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланып, сапаттуу жумуш аткарылбаса катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.

Теги:
Количество просмотров: 112