УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев учурда Ош шаарына барып, Тик учак менен Ош облусунун жана Ош шаарынын сел жүргөн аймактарындагы абал менен таанышууда. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэри жана тийиштүү жетекчилерге жеринен ыкчам тапшырмалар берип жатат. Мындай маалыматты «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына жарыялады.