• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев селден каза болгондорго 1млн. сомдон берүү тапшырмасын берди

19 Теке 202419:34 Бишкек Govori.TV

Ошто УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусу менен жыйын өттү. Анда Ош шаары жана Ош облусунда болгон селдин кесепеттерин тез арада жоюу, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана Ош шаарынын борбордук базарын эки айлык мөөнөттө көчүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Атап айтканда:

— Ак-Буура дарыясы аркылуу өткөн бардык мыйзамсыз көпүрөлөрдү алып салуу;

— Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагында мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген бардык жетекчилердин жоопкерчилигин кароо;

— Селден жабыркаган (өлкө боюнча каза болгон) 25 жарандын үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон бөлүп берүү;

— Табигый кырсыктан турак-жайы бузулуп, кооптуу деп табылган жарандарга 1 миллион сомдон бөлүп берүү;

— Үйү капиталдык оңдоону талап кылган тургундарга — ар бирине 500 миң сомдон бөлүп берүү;

— Ош шаарынын борбордук базарында кырсыктан жапа чеккен соодагерлерге 100 миң сомдон бөлүп берүү.

Мындан сырткары айыл райондук администрация башчыларына (акимдерге) табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн шарттарды түзүү максатында жарандарга турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Теги:
Количество просмотров: 165