• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Канатбек Исаев: “ Көк бөрүнүн эрежеси өзгөргөн жок”

1 Жалган куран 2019 17:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.03.2019. Govori.TV

Бүгүн маалымат жыйынында «Көк бөрү» федерациясынын экс-президенти Канатбек Исаев  Кыргызстандын «Көк бөрү» Федерациясынын эл аралык федерацияга кириши көк бөрүнүн эрежеси өзгөрдү дегенди билдирбегенин айтты.

“Мен бир убакта эки федерацияны башкаргам. «Көк бөрү» Федерациясын дээрлик алты жыл башкардым. Ошол эле убакта «Аргымак» деген Федерацияны эки жыл башкардым. Тилекке каршы бүгүн айрым адамдар менин федерациядагы ишиме кайдагы тарыхый хронологиялык окуялар,эрежелер боюнча баа берип жатышат. Бул кишилердин өздөрү эч качан команда түзгөн да, аны башкарган да эмес. Алар каржылаган да эмес жана өздөрү да бул оюнду ойногон эмес, ал эми бүгүн болсо эксперт катары сүйлөп жатышат. Мен жаш кезимден ат үстүндө чоңойгом жана азыркы күнгө чейин улак чабам”,-деди Исаев.

Депутат мурунку федерациянын жетекчисин которууга кызыкчылыгы болбогондугун түшүндүрдү.

Көк бөрү боюнча эл аралык бирикмеге киргенден кийин эч кандай өзгөрүү деле болуп кетпегенин айтат эл өкүлү.

«Көк бөрү» федерациясынын жыйыны болгондугун билдирем. Мен документтерди көрсөттүм. Аталышы боюнча эч кандай өзгөрүүлөр жок. Эл аралык федерация биздин «Көк бөрү» федерациясынын жетекчилигине чакыруу берген. Ошол конгрессте тилекке каршы оюндун эрежесине өзгөртүү киргизилген. Бирок муну шылтоо кылбагыла. Мен азыркы жетекчилик эски эреже менен ойноо боюнча иш алып барат деп ойлойм. Бизде мурунку жетекчини которуу кызыкчылыгы болгон эмес. Биз болгон ушул спорттун түрүн өнүктүрөлү дегенбиз»

Мындан сырткары Канатбек Исаев оюндун эрежеси өзгөрбөгөндүгүн айтты.

“Улуттук федерациянын эл аралык бирикмеге кириши менен көк бөрүнүн эрежеси өзгөргөн жок. Андай нерсе бул документте жок. Ал жерде жөн гана улуттук ат оюндарынын түрү эсептелген”.

Кошумчалай кетсек, кечээ ЖМКда  Канатбек Исаев кол койгон 2013-жылкы документтер жарыя кылынган. Анда түрк элдеринин улуттук спорт оюндарынын Бирикмеси түзүлгөн. «Көк бөрү» Федерациясынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев Кыргыз Республикасынын көк бөрү Федерациясынын президенти болуп турган чакта казак тарап менен ойногондо кыргыз командасы көк пардын эрежеси менен ойноого макул болгон келишимге кол коюп салгандыгын билдиришкен.

Количество просмотров: 27