• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кар көчкү түшкөн жерде 2 адамды издөө иштери жүрүп жатат

17 Бирдин айы 2023 15:40 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн жерде эки жаранды издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, 16-февраль күнү болжол менен саат 01:30да»Mercedes-Benz» спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочу жана 1 жүргүнчүсү Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка автоунаа жолунун 80-90- чакырымында кар көчкү түшүп, өтө албай калгандыгы маалымдалган.

Жерине Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары жана райондук ӨКБнүн 3 куткаруучу жана жол тейлөө иш канасынан 1 авто жүктөгүч тартылып, кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жумуш убактылуу токтотулган.

16-февраль күнү саат 17:30 баштап аталган айдоочу менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу 17-февраль күнү Чаткал райондук ӨКБнүн 5 кызматкерлери атайын ыкчам автоунаасы менен саат 13:15де жолго чыгып, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка унаа жолунун 90-чакырымына чейин жетишип, андан ары жол жок болгондугуна байланыштуу 5 куткаруучу издөө иштерин улантуу үчүн жөө жөнөп кетишти.

Кошумча Маалымат берилет.

Количество просмотров: 2149