• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кара-Балтада энеси менен кызы өз жандарын кыйып, батирин үй кызматчысына калтырышкан

6 Бештин айы 2019 12:59 Бишкек Govori.TV

Кара-Балтада бир батирден эки аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй РИИБден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө батирден эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери маркумдун денелеринен кыйноо белгилерин табышкан эмес.

Такталгандай, каза болгондор 71 жаштагы батирдин ээси жана 40 жаштагы кыз болгон.

Маалыматтар боюнча батирден алардын акыркы каты табылган. Анда алар өз жандарын кыйып жатканын жана алардын өлүмүнө эч кимдин күнөөсү жок экени жазылган. Жана ошондой эле батирди алардын үйүн жыйнап иштеген аялга калтырышканы айтылат.

Бул боюнча тергөө жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 8943