Кара-Көл шаарында 14 жаштагы кыз өз өмүрүн кыйды. Маалым болгондой, окуя 11-сентябрда катталган. 2004-жылы төрөлгөн А.А. үйүнүн тапчанында жип менен асынып алган. Ал 8-класстын окуучусу болчу. Бул окуяны Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, тиешелүү иштер жүргүзүлгөнүн билдирди.
«Окуя болгон жерге Кара-Көл ШИИБдин тергөө тобу барып, тийиштүү иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Кыздын денесин дарыгерлердин, ата-энесинин катышуусунда кароодо мойнундагы жиптин изинен башка эч кандай белгилер, тактар аныкталган эмес. Ал эми өспүрүмдүн ата-энеси эч кимге доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан», — деп айтылат маалыматта.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …