• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кара-Кечедеги жаңы жол 10-15 күндө салынып бүтөт

17 Аяк оона 2020 10:27 Бишкек Govori.TV

Кара-Кечеде жаңы жолду салуу ишин күнү-түнү жүргүзүү туралуу сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы жол 10-15 күндө толугу менен салынып бүтүүсү күтүлүүдө. Жол тоонун боору менен 3 чакырым 200 метрди түзөт. Учурда жеринде үч техника иштеп жатат. Адистер билдиргендей, жолдун ичке жагы 6 метр, кенен жагы 8 метрди түзөт. Дагы чоң таштар түшүүсү мүмкүн деген коркунучтар болгондуктан, РЭСке электр жана мобилдик чубалгыларын сайдын аркы бети менен өткөрүү сунушталды.

Жеринде өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, Нарын облусунун губернатору Эмилбек Алымкулов, Жумгал токой чарбасы тармагынан Бердибек Самудинов, Нарын районунун акими, Жол министрлигинин өкүлү, РИИБдин башчысы, «Кыргызкөмүр» ишканасынын директору Канат Ашырбаев болушту.

Эске салск, 15-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүрүп, Дыйкан – Кара-Кече жолунун 37-чакырымында жүрүп, Кара-Кече суунун бөгөп калган.

Количество просмотров: 45