• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кара-Кулжада милицияга курал менен кол салган жаран кармалды

4 Бирдин айы 2021 10:01 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБүнүн милиция кызматкерине курал менен кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-февраль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тынымсыз жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 13-январында Кара-Кулжа РИИБнин кызматкерлерине ок атуучу курал менен капысынан кол салган жаран кармалды.

Бул окуя боюнча Кара-Кулжа РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 39-130-беренеси менен Кара-Кулжа РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  каттоого алынып,  сотко чейинки өндүрүш ачылып, кылмыштын бетин ачуу боюнча тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн болчу. Кылмышка шектүү жаран Кара-Кулжа районунун Биринчи-Май айылынын тургуну 46 жаштагы У.А. тергөө кызматына  алынып келинди.

Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран аталган кылмышты жасагандыгы тууралуу көрсөтмө берип, көп жыл мурда милиция кызматкерлери менен жеке пикир келишпестиги болгон учурду эстеп, өзү мыйзамсыз алып жүргөн ок атуучу куралын алып келип түн караңгыда кызматкерлерди атып жибергендигин билдирди.

Түнү менен үйүнө кайтып келип  кийип жүргөн кийимин жана мылтыктын кундагын үйүндөгү мешке жагып жиберген дагы жана мылтыктын найын (стволун) үйүнүн короосуна кире беришиде орнотулган дарбазанын түтүгүнө салып жибергендигин көрсөткөн.

Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери тарабынан  буюм далилди алуу максатында дарбазынын түтүктөрү текшерилип, андагы жашырылган мылтыктын стволу табылды. Дарбазанын түтүгүн кесип мылтыктын стволун далил буюм катары экспертиза кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда Кара-Кулжа РИИБүнүн кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 64