Кечээ, 19-июль күнү Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты М.Х. жер сатууга шектелип кармалды. Ош ОИИБдин берген маалыматына караганда М.Х. 2016-жылдан бери өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, Шарк айылынын тургундарынын ишеничине кирип, турак жай куруу үчүн жер тилкесин алып берем деп, ири өлчөмдөгү акча алып жүргөн.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмүнүн 4-пункту (кызматтык абалынан пайдаланып, ири өлчөмдө жасалган алдамчылык ) менен иш козголгон. Ал кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.