Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кармалып, анын бөгөт чарасы Ош шаардык сотунда каралганы жатканын Ош ТВ сайты жазып чыкты.
19-июль күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын кылып, анда Жаңы-Арык айыл өкмөтүндө 1000 чек 50 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатылганын, тиешелүү адамдар жазасыналышы керектигин айткан эле. Аким балким ошол маселе менен камакка алынды деген божомолдор айтылууда.