• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кара-Сууда 11-класстын окуучусу асынып алды

11 Жалган куран 201914:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.03.2019. Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунда 11-класстын окуучусу асынып каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуучунун сөөгү үйүнүн короосундагы мал сарайда асынып турган жеринен табылган.

«Баланын ата-энеси Орусияда иштешет, аны чоң атасы тарбиялап жаткан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок окуучу баланын жакындары денени экспертизага берүүдөн баш тартты», -деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 88 окуучу өз жанын кыйган.

Теги:
Количество просмотров: 28