Кара-Суу районунда эки унаа сүзүшүп, айдоочулары жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 7-сентябрь күнү саат 08:37 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 643-чакырымында “Хонда-Жаз” жана “Мазда” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада унаалардын айдоочулары жабыркаган.
Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жабыркаган адамдар жолдо бара жаткан унаалар менен ооруканага жеткирилген.