Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин комитети Коммерциялык эмес уюмдардын каржылык отчётун жарыялоо тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат.
Ал эми НКО кызматкерлери буга каршы пикирлерин билдиришүүдө, алардын айтымында аталган мыйзам долбоору онлай карала турганы айтылган, андан соң регламент бузулуп, шашылыш жыйында каралып жатат.
Мындан улам бир нече жаран Жогорку Кеңештин имаратынын алдында пикетке чыгышкан.
Нааразычылык акциясына жана ЖКдагы талкууга карантинге байланыштуу келе албай калдым деген жарандар нааразы пикирлерин айтышууда.
Ал эми талкууга чакырылган НКОнун айрым мүчөлөрүн парламентке киргизбей коюшканын айтышууда.