• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Карапайымдардан миллионду өндүрөм деген Атамбаевдин наамысы

18 Тогуздун айы 2018 17:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.10.2018.Govori.TV.
Жогорку соттун Конституциялык палатасы «башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугусуз коргой албайт» деген чечим кабыл алды. Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табылды. Жакында өкмөткө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш берилди. Бардык инстанциялар бул өтүнүчтү толук канааттандырган
Эске салсак,  2017-жылы мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргош үчүн айрым журналист, юристтерге жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы сотко кайрылып, миллиондогон сом доо өндүрүүсун айткан.
Заноза медианын негиздоочулору Нарын Айып менен  Дина Маслованы 27 миллион сомго жыккан.  Соттун чечимин аткарыш учун  Атамбаев Нарын Айыптын апасын уйунон чыгарганча чейин барган.
Алмазбек Атамбаев ээлеген кызмат ордун бошоткондон соң Заноза медиа агеттининен жана Жакуповадан материалдык доодон баш тартты.
Ошол эле учурда Ата Мекен” партиясынын юристтери Канат Азиз менен Таалайгул Токтакунова  10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Атамбаев азыркы убакытка чейин аталган юристердин тапкан акчаларын сот аркылуу өзүнө өндүрүп алып жатат.
Эми, конституциялык  палатанын чечимине ылайык, президентке адвокат боло албайт.

Количество просмотров: 41