• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Карек» фестивалына тасмалар кабыл алына баштады

25 Аяк оона 2018 8:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.09.2018.Govori.TV.
Кыргызстанда кезектеги “Карек” республикалык кинофестивалына тасмалар кабыл алына баштады. Ага кино тартууга кызыккан жеткинчектер катыша алат.
Каалоочулар “Бул менин дүйнөм!” же “Мен жана табият” деген темалардын бирине узактыгы 10 мүнөттөн ашпаган анимация, даректүү же көркөм тасма тартып жөнөтүшү керек.
Быйыл үчүнчү жыл уюштурулуп жаткан фестивалды Маданият, маалымат жана туризм, Билим жана илим министрликтери, Кинематография департаменти, “Ак Илбирс” академиясы өткөрүүдө.
Тасмалар 15-октябрга чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөр статуэтка, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланат.
Количество просмотров: 26