• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Каркыра жайлоосунда милициянын убактылуу посту ачылды

23 Бугу 2022 9:57 Бишкек Govori.TV

Жай мезгили жакындаган сайын, Түп жана Ак-Суу райондорунун көптөгөн малчылары Каркыранын жайлоосуна көчө башташты. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мал уурулук фактыларын болтурбоо, ошондой эле ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана жол бербөө максатында, жыл сайын Түп районунун «Башарын» участкасында, милициянын убактылуу постунун иш уюштурулуп келет. Аталган постто бекитилген график боюнча Түп жана Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат.

Убактылуу милиция постунун ачылышына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Савыралиев катышты. Милдеттерди коюп жатып, ал милиция кызматкерлеринин кызмат өтөө тартибине өзгөчө көңүл буруп кетти. Андан сырткары, кызматтык иш кагаздарынын иретине, нөөмөттөн кийин милиция кызматкерлерине уюштурулган эс алуу бөлмөлөрүн кылдаттык менен текшерип чыкты. Жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетторун укту.

Алардын айтымында, Каркыра жайлоосунун жалпы аянты 25 миң гектарды түзөт, жылына, жай мезгилинде анын жайыттарында болжол менен элдердин 40 миң бодо малы, 30 миң жылкысы жана 80 миң майда мүйүздү малдары багылып келет. Учурда, эки райондун тургундарынын малын келишимдик негизде багып жаткан малчылар эмитен көчүп келип отурукташып жатышат. Жакынкы жумада малчылардын жана үй жаныбарларынын негизги бөлүгүнүн жайлоого көчүсүү күтүлүүдө. Негизинен, милициянын убактылуу постунда оперативдүү кызматтын кызматкерлери жана милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү кызмат өтөшөт. Апта сайын аларды башка кызматкерлер алмаштырып турушат.

Өз кезегинде облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Савыралиев жайкы мезгилде мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо, милицияга коюлган тапшырмаларды максималдуу аткаруу боюнча бир катар милдеттерди белгилеп кетти. Кызматтык тартипти так сактоого өзгөчө көңүлдү буруп, бул максаттарда облустук милициянын жетекчилиги тарабынан күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлүп турарын эскертти. Ошондой эле малчылар арасында малдын жоголушу, же уурдалышы аныкталса, дароо милицияга билдирүү боюнча түшүндүрүү иштерин, малчылар арасында тынымсыз жүргүзүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 149