• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Карылар үйүнүн мурдагы директору Улукбек Кочкоровду сотко берди

21 Баш оона 2020 15:26 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги карылар үйүнүн мурунку директору Эркингүл Абдылдаеванын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровду жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча берген арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Алдамчылык» беренеси боюнча катталды. Бул тууралуу Абдылдаеванын жактоочусу Бактыбек Жумашев Govori.TVга билдирди.

«Эркингүл Абдылдаеваны жумуштан алуу боюнча Кочкоровдун буйругу соттун үч инстанциясынан тең мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылган. Соттун чечимине ылайык, Абдылдаевага эмгек акысы төлөнүп, ал кайрадан жумуш ордуна алынышы керек эле. Министр Улукбек Кочкоров 5-августта Абдылдаеваны жумушка чакырып, аны 4-августтан баштап жумушка алуу буйругун чыгарган. Кайра жарым күн өтпөй, жумуштан бошотуп койгон. Ошондой эле соттун чечиминдеги иштебей калган күндөрү үчүн эмгек акысы жана башка төлөмдөр төлөнүп берилсин деген бөлүгү аткарылган эмес. Ошол себептен Эркингүл Абдылдаева Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгана кайрылууга мажбур болду. Берилген арыздын негизинде иш бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү башталды», — деди жактоочу.

Бул арада Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров ага карата жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иши боюнча жооп берди.

Министрдин айтымында, Эркингүл Абдылдаеванын үстүнөн бир нече жолу арыз түшкөн.

«Эркингүл Абдылдаеванын үстүнөн бир нече жолу аталган карылар үйүнүн башка кызматкерлери арыз жазган.Ал кызмат ордунда иштеп турганда мыйзамсыз иштерди жүргүзгөн. Фактылар аныкталгандан кийин ээлеген кызматынан бошотулган», — деди министр.

Бишкектеги социалдык стационардык мекеменин (карылар үйү) мурунку директору Эркингүл Абдылдаева Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоровду 2019-жылдын ноябрь айында сотко берген. Буга анын 2019-жылдын 31-октябрында жумуштан мыйзамсыз бошотолушу негиз болгон.

Количество просмотров: 710