• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Каржы пирамидасы боюнча айыпталып жаткан вайнер Мейржан Туребаев үй камагына чыкты

27 Бештин айы 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Алматынын Алмалы райондук соту Mudarabah Capital каржы пирамидасы боюнча айыпталып жаткан вайнер Мейржан Туребаевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги кабарлады.

Сот чечимине ылайык, үй камагында Туребаевдин митингдерге жана жыйындарга катышуусуна, ошондой эле ЖМК өкүлдөрү менен сүйлөшүүсүнө тыюу салынды.

Сот Вайнерди үй камагына чыгарууда анын эрезеге жете элек беш бала тарбияланып жаткан үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу экенин жана улгайып калган апасы бар экенин эске алган.

Буга чейин Мейржан Туребаев ишти прокуратурага кайтарууну, адвокаты вайнерди үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Сот Mudarabah Capital иши боюнча калган айыпталуучулардын, анын ичинде дагы бир вайнер Мейрхан Шерниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды.

Бул иш боюнча сот отуруму онлайн-режимде өтүп жатат. Анын алкагында жалпысынан 12 кишиге айып тагылган. Алардын арасында каржы пирамидасы деп табылган компаниялардын жетекчилери да бар.

Вайнерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязов быйыл апрель айында камакка алынган. Ага чейин Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына каржы пирамидасына алданып калганын айтып чыккан аял өзүнө өрт койгон. 32 жаштагы Багила Досмаилова оор абалда реанимицияга түшкөн. Анда ал Алматы шаардык полиция департаментинин жетекчилиги кылмыш ишин жабууга шашылып жатканын айтып, Mudarabah Capital компаниясын жарнамалаган вайнерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Бул иш боюнча шектелип жаткан дагы бир вайнер Азимжан Саидбаевге бийлик издөө жарыялаган.

Прокуратуранын маалыматына караганда, каржы пирамидасы боюнча козголгон иштин алкагында 41 кыймылсыз мүлк, үч автоунаа, тогуз банк эсеби жана 16 компаниянын уставдык капиталдарынын ар кандай үлүшү камакка алынган.

Количество просмотров: 220